Саламаттык сактоо министри АКШнын элчиси жана АКШнын ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө Борборунун ди

Министр здравоохранения встретился с послом США и директором Центра по контролю и профилактике забол

2019-жылдын 29-майында саламаттык сактоо министрлигинде Космосбек Чолпонбаевдин КРдеги АКШнын элчиси Дональд Лу мырза жана АКШнын ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө Борборунун директору (CDC) Роберт Редфил менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо чөйрөсүндө бүгүн Саламаттык сатоо министрлиги жана CDCтин ортосунда ишке ашып жаткан долбоорлордун жүрүшү жана кызматташтыкты: инъекциялык баңги заттарды колдонуучулардын ичинде зыянды төмөндөтүү, сасык тумоону алдын алуу боюнча долбоорлор ишке ашып жатат, донорлук кандын коопсуздугу боюнча долбоор (РКБ) ийгиликтүү аяктады жана ВИЧ/СПИД боюнча программаларды талкуулашты. Ошондой эле жолугушууда коомдук саламат сактоо чөйрөсүндө кызматташтык мүмкүнчүлүктөр ж.б. талкууланды. “CDCтин башкы максаты саламат сактоо чөйрөсүндө коопсуздукту жакшыртуу боюнча маалыматты берүүдөн турат. Азыркы убакытта CDC ыйгарым укугу, эпидемикалык баалуу инфекциялардан тышкары, өнөкөт дарттарды, майыптык маселерди, профпатологияны, айлана-чөйрөнүн булгануусу менен байланышкан ден соолуктун көйгөйлөрүн камтуу менен, бир топ кеңейди. Биздин агенство калктын ден соолугун сактоо аймагындагы демилгелериңерди колдоого жана эпидкөзөмөлдөө чөйрөсүндө, антибиотиктерге туруктуулук көйгөй маселелеринде (антибиотикорезистенттүүлүк), лабораторлук кызматта иштөөчө адистердин дараметин күчөтүүдө, “СПИД” РБнын кызматкерлеринин дараметин өстүрүүдө, колдон келүүчү жардам көрсөтүүгө даяр,” – деп, CDCтин диретору Роберт Редфилд айтты. “ “Биз CDC Кыргызстанда көп жылдан бери иштеп келе жатканын билебиз. Бул жылдардын ичинде ВИЧ/СПИДти төмөндөтүү чөйрөсүндө, биздин эпидемиологдорду окутуу маселеси боюнча, клиникалык протоколдорду иштеп чыгууда, сасык тумоону алдын алуу боюнча ж.б. чоң жумуш аткарылды. Агенствонун көп багыттарда эң чоң тажрыйбасы бар жана силердин дараметиңер толук менен колдонула элек. Кыргызстан саламаттык сактоо чөйрөсүндө чоң иш жүргүзүп жатат, биз саламаттык сактоо чөйрөсүндө үч мамлекеттик программаны аяктадык, 2019-жылдан баштап биз 2030-жылга чейинки жаңы программаны кабыл алдык. Программанын биринчи жылдардагы башкы жана негизги максаты - оорулардын алдын алуу, алгачкы медико-санитардык жардамды күчөтүү. Биз алдын алуу иштерин жана эпидкөзөмөлдү күчөтүү үчүн коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө биздин биргелешкен иш аракеттерибизди кеңйтүүгө даярбыз. Биз кызматташууга жана бардык жакшы дүйнөлүк практиканы үйрөнүүгө жана биздин шарттарга адаптациялоого даярбыз”, - деп, жолугушуунун жүрүшүндө Космосбек Чолпонбаев айтып кетти. Бул маалымат менен толугураак бул жерден таанышсаңыз болот.

14:55
Нет комментариев. Ваш будет первым!