БДСАнын 72-сессиясынын чегинде Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Глобалдык Фонддун(ГФ)

В рамках 72-ой сессии ВОЗ министр МЗ КР провел встречу с представителями Глобального фонда

БДСАнын 72-сессиясынын чегинде Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Глобалдык Фонддун(ГФ) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн директору Мария Кирова жана Глобалдык фонддун регионалдык директору Димитрий Латевски менен жолугушууну өткөрдү. Аталган жолугушуу Женевадагы 72-сессиянын чегинде өттү.

Жолугушуунун өтүшүндө тараптар Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүү жана алдын алуу программаларын 2021-жылдан тартып ГФ тарабынан каржылоону улантуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мамлекеттик бюджеттен каражатты этап менен бөлүнү берилүүнү караштырылган, КР Өкмөтүнүн ВИЧ-инфекция менен күрөшүү боюнча 2017-2021-жылдарга программасынын чегинде мамлекеттик каржылоого 5 жылдык өтүүнүн жолдук картасын алга жылдыруу да талкууланды.

“Мен 2004-жылдан бери СПИД, кургак учук менен күрөшүүдө бизге жардам берип келе жаткан кызматташтык үччүн Глобалдык фондго ыраазычылыгымды билдиремин. 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасы безгек оорусунан эркин деп эсептелинет. Глобалдык фонд тарабынан каржылоо жана техникалык жардам СПИД жана кургак учук менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча негизги факторлордун бири болду, жана мен, 2021-жылдан кийин да биздин кызматташтыктын улануусуна чоң үмүтүмдү билдиремин”, - деп КР саламаттык сактоо министри Космосбек Чопонбаев белгилеп кетти.

Маалымат КР ССМдин расмий сайтынан алынган
14:25
Нет комментариев. Ваш будет первым!