2019-жылдын 17-апрелинде КСКК КомитетининГФнын жаңы Портфолио-менеджери менен кезектеги отуруму өттү

17 апреля 2019 года состоялось очередное заседание Комитета КСОЗ с новым Портфолио-менеджером ГФ

2019-жылдын 17-апрелинде КСКК КомитетининГФнын жаңы Портфолио-менеджери менен кезектеги отуруму өттү


2019-жылдын 17-апрелинде КСКК КомитетининГФнын жаңы Портфолио-менеджери А.Бобрик мырза менен кезектеги отуруму өттү


Отурумдун негизги суроолору катары 2020-жылга каржылоо дефицитин жеңүү боюнча Иш аракет Планын даярдоо боюнча эксперттердин ишинин жыйынтыктарын угуу, ошондой эле 2021-2023-жж. мөөнөтүнө Негизги алуучунун келечек башкаруу моделин талкуулоо болду. Мурда эксперттердин ишинин жыйынтыктары Билдирме даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо жана шайкештөө секторунун отурумунда угулган, анын жыйынтыгы боюнча Сектордун мүчөлөрү аталган отчетту кабыл алууну сунушту.

Андан тышкары,отурумда Көзөмөл секторунун мүчөсү И.Садыков жана ГФнын Улуттук консультатнты А.Болотбаева айым ВИЧ боюнча алдын алуу программасынын чегинде Адам укугу боюнча планды иштетүү боюнча КСККга караштуу ТЖТ түзүү маселесин ылдамдатуу суранычы менен кайрылышты.

Ошондой эле Билдирме даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо жана шайкештөө секторунун мүчөсү Н.А.Шумская айым GIZ/Backup Health Долбоору боюнча маалымат тартуулады, презентацияда негизги жетишкендиктер жана өткөрүлгөн иш чаралар белгиленип кетти.Аталган Долбоордун 2-Фазасынын башталышы жөнүндө маалымат берилди жана өлкөлүк координациялык механизмдердин бардык деңгээлдердин ортосундагы өз ара аракеттешүүнү эске алуучу иш чаралардын планы сунушталды.

Отурумдун аягында расмий кайрылуу менен UNAIDSтин кеңешчиси профессор М. Казачкин чыгып сүйлөдү.

12:25
Нет комментариев. Ваш будет первым!