2019-жылдын 11-апрелинде УФБда Билдирме даярдоо боюнча секторунун кезектеги отуруму өттү

11 апреля 2019 года в НЦФ состоялось очередное заседание Сектора по подготовке заявок

2019-жылдын 11-апрелинде УФБда Билдирме даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо жана шайкештөө секторунун GIZ/Backup Health “ КРде ВИЧ жана КУ эпидемиясына адекваттуу жооп үчүн улуттук жоопкерчиликти күчөтүү” Долбоору боюнча маалыматты угуу боюнча отуруму өттү. Презентациянын жүрүшүндө Н.А. Шумская айым (AFEW-Кыргызстандын Директору) кыскача Долбоордун негизги максаты жана милдеттери жөнүндө айтып берди жана жетишкен жыйынтыктарын белгиледи. Жекече айтканда, негизги жетишкендик Бишкек жана Ош шаарларында жана бардык 7 региондордо Механизмдерди координациялоо боюнча эффективдүү иштөө боюнча Жетекчиликти иштеп чыгуу болду. Ошондой эле Н.А. Шумская айым азыркы убакытта долбоордун экинчи фазасы башталганын айтты.

Мындан тышкары, Билдирме даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо жана шайкештөө сектору тарабынан 2020-жылы каржылоонун дефицитин жеңүү боюнча иш аракеттер Планын иштеп чыгуу үчүн жалданган эсперттердин жумушунун жыйынтыктары тартууланды.

Эки презентация тең Билдирме даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо жана шайкештөө секторунун мүчөлөрүнүн сунуштары жана түшүндүрмөлөрүн эске алуу менен толук иштелип чыгып, жана 2019-жылдын 17-апрелинде ВИЧ/СПИД, КУ жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Комитетинин кезектеги отурумунда тартууланат.
09:50
Нет комментариев. Ваш будет первым!