Бишкекте Өспүрүмдөрдүн психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуу Борбору ачылды

В Бишкеке открылся Подростковый Центр по профилактике употребления психоактивных веществ

Бишкекте Өспүрүмдөрдүн психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуу Борбору ачылды

19-мартта AFEW-Кыргызстан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте Өспүрүмдөрдүн психоактивдүү заттарды (ПАЗ) колдонуунун алдын алуу Борборун ачты.

Иш чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов, AFEW-Кыргызстандын долбоордук менеджери Чинара Иманкулова, Борбордун кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын ШИИБдин кызматкерлери, өкмөттүк эмес уюмдар, райондук администрациялардын социалдык кызматкерлери жана башкалар катышты.

“AFEW-Кыргызстандын колдоосу менен өспүрүмдүк борбордо өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине акысыз консультация берүүгө, башка өнөктөштүк уюмдарга жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү психолог жана социалдык кызматкер иштеп башташты” – деп, өзүнүн сөзүндө Мирлан Пархпнов айтты.

Ачылышууда конокторго жаштар борборун көрсөтүштү жана анын кызматкерлери менен тааныштырышты. Чинара Иманкулова өспүрүмдөр борбору борбордун конокторуна альтернативдүү эс алууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөнүн айта берди. “Борбордун адистери бардык өспүрүмдөргө,өзгөчө катаал жашоо кырдаалына дуушар болгондорго, колдоо көрсөтүшөт. “Кемчиликтерди оңдоо: калктын негизги топторунун ден соолугу жана укугу” долбоорунун чегинде биз жаштардын арасында ПАЗды колдонуунун алдын алуусу менен иштөөнү пландаштырып жатабыз. Бул жерде бизде оюндар, кружоктор бар, биз башка уюмдар менен биздин келүүчүлөр үчүн кызыктуу сессияларды чеберчилик сабактарды өткөрүү жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Балдардын эс ала турган, курдаштары менен сүйлөшүп жана профессионалдык жардам алуу мейкиндиги пайда болуусун каалайбыз”, - деп Чинара Иманкулова айтып берди.

Ошондой эле борбор психологдордун, социалдык кызматкерлердин жана педагогдордун, дарыгерлердин жана жашы жетпегендердин иши боюнча инспекциясынын кызматкерлерине ресурстук колдоо көрсөтөт.
Иш чаранын катышуучулары шаардын ушундай борборго муктаждыгын айтышты. Талкуулооонун мезгилинде алар жумушта кезигүүчү өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү менен бөлүшүштү, кызматташуунун планын иштеп чыгышты жана өзүнүн идеялары менен бөлүштү.

Маалымат AFEW-Кыргызстандын расмий сайтынан алынды бул жерде
11:25
Нет комментариев. Ваш будет первым!