Кургак учукка каршы күрөшүүнү колдоо боюнча чуркоо

Забег в поддержку борьбы против туберкулеза

Бүгүн 2019-жылдын 16-мартында, Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунда, жыл сайын 24-мартта өтүүчү, Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнүнө арналган, кургак учукка каршы күрөшүүнү колдоо үчүн кайрымдуулук чуркоо өттү.

Иш чаранын максаты кургак учук менен байланыштуу, өзгөчө стигма, басмырлоо жана кургак учукка чалдыккандардын дарылоону колдоо көйгөйлөргө көңүл бурдуруу болду.


Чуркоо Улуттук фтизиатрия борбору жана КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору Challenge TB (“Кургак учуука чакырык» ) USAIDдин долбоору менен бирдикте уюштурулган. Чуркоону уюштурууда Бишкектик ден соолукту чыңдоо борбору, Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, Туура чуркоо мектеби, Кызыл Жарым Ай Улуттук Коому ( КР КЖАУ), Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери (КАДК) Ассоциациясы, AFEW, АнтиСПИД Ассоциациясы, КУ боюнча Улуутук платформа, TB People, Ololo Art Studio, Cherry Lady Fitness Studio 111.jpg

Иш чараны саламаттык сактоонун министринин орун басары М.М. Каратаев

ачты, ошондой эле Улуттук фтизиатрия борборунун директору А.С. Кадыров, Кыргыз Республикасындагы USAIDдин саламаттык

сактоо жана билим берүү бөлүмүнүн директору Нора Мадригал, Республикалык ден

соолукту чыңдоо борборунун директору Г.Т.Айтмурзаева чыгып сүйлөштү.



Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар кургак учукка текшерүүдөн өтүштү, артериалдык

басымды ченешти жана кургак учук жөнүндө маалымат алышты, ошондой эле белек

тапшыруу менен суроо-жооп оюндары жана өлкөлүк эстраданын ырчыларынын чыгышы

өткөрүлдү. Чуркоого 500 адамдай катышты жана чуркоонун жыйынтыгы боюнча ар

кандай аралык: 400м –балдар, 1км жана 3км боюнча жеңүүчүлөргө белек тапшырылды.

53660839_538018393273591_4413812253715857408_n.jpg

Маалымат үчүн

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында мурунку дарылоонун моделдерине салыштырмалуу эффективдүүрөөк жаңы, көп дарыга туруктуу кургак учукту дарылоонун кыскараак методдору киргизилген.

Чалдыгуунун жана өлүмдүн көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө карабастан, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча кургак учук биздин өлкө үчүн олуттуу көйгөй бойдон кала берет, Кыргызстан дүйнөнүн бул оорунун жогорку түйшүктүү жана дарыга туруктуу кургак учуктун жогорку деңгээлдүү 30 өлкөсүнүн санына кирет. Себептин бири болуп кургак учук бар бейтаптардын стигма жана басмырлоонун себебинен дарылоодон качышы саналат.

Материал КР Саламаттык сактоо министрлигинин расмий барагынан алынган

11:15
Нет комментариев. Ваш будет первым!