Backup Healthдин өкүлдөрү менен КСКК Комитетинин Катчылыгында жолугушуу

Встреча с представителями GIZ/Backup Health и МФ "Курацио" в офисе Секретариата Комитета КСОЗ

Backup Healthдин жана “Курацио” ЭФнынөкүлдөрү менен 2017-2012- жылдарына ВИЧ боюнча Улуттук Программада алдын ала караштырылган мамлекеттик каржылоого өтүү Планын талкуулоо боюнча жолугушуу КСКК Комитетинин Катчылыгынын офисинде өттү.


Жолугушуунун катышуучулары Борбордук Азия үч өлкөлөрүнө (Кыргыз Республикасы, Өзбекстан жана Тажикстан) техникалык жардам көрсөтүү боюнча GIZ/Backup Health Долбоорун ишке ашыруунун башталышын талкуулашты. Долбоордун жетекчиси Т. Гоцадзе айым Долбоор 4 компоненттен турарын: 1. Өлкөнүн өтүү пландарын күчөтүү, 2. Өлкөнүн өтүү планын мониторингдөө максатында улуттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, 3. Сапаттуу дары-дармектерге жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү продуктыга мүмкүндүктү жакшыртуу максатында улуттук тартипке салууга оңдоолор маселеси боюнча өлкөлөрдү колдоо жана 4. Өлкөлөрдү социалдык тапшырыктын механизмин иштеп чыгууда колдоо көрсөтүнүү, айтты.

Биринчи компоненттин чегинде ВИЧ жана КУ программалары үчүн өтүү жана туруктуулук пландарын жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип, өтүү планын ишке ашыруу үчүнмониторинг жана баалоо схемасы тартууланат, ошондой эле өтүү планынын мониторнгине жардамга изилдөө жүргүзүү үчүн артыкчылык темалар ачып көрсөтүлүп чыгат. Экинчи компоненттин чегинде жергиликтүү изилдөөчү командаларды маалымат чогултуу боюнча окутуу жана маалыматтарды анализдөөгө жардам берүүнү талап кылат. Мындан тышкары, ГФнын жаңы билдирмесине кирүүчү артыкчылык иш чаралар жөнүндө сунуштар берилет.

13:05
Нет комментариев. Ваш будет первым!