2019-жылдын 27-февралында “Смарт отелде” "Курацио" ЭФнын Алгачкы семинары өттү

27 февраля 2019 года в "Смарт отеле" состоялся Вводный семинар МФ "Курацио"

2019-жылдын 27-февралында “Смарт отелде” "Курацио" Эл аралык Фондусунун Алгачкы семинары өттү. Иш чарага Республикалык жана Шаардык “СПИД” борборунун, GIZ/Backup Health, KNCV, USAID, UNAIDSтин өкүлдөрү, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү, ӨЭУнун жетекчилери катышты.


Семинардын жүрүшүндө, Backup Health менен техникалык кызматташуунун чегинде бир же бир нече консультанттарды ишке тартуу аркылуу кыска максаттуу жардам көрсөтүүсү, ошондой эле тренинг, семинар жана анализ жүргүзүүсү айтылып кетти. Долбоордун максаты болуп Борбордук Азиянын үч өлкөсүнө (Өзбекстан, Тажикстан жана КР) Глобалдык Фонд тарабынан колдоонун улуттук каржылоого өтүүгө даярдануу этабында колдоо көрсөтүү саналат.

“Курацио” ЭФнын негизги маселеси болуп өтүү пландарын жакшыртуу , өтүү пландарын ишке ашыруусун мониторингдөө максатында улуттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө, ошондой эле өлкөнүн контексине багытталган техникалык колдоону көрсөтүү жолу менен саламаттык сактоо тутумунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууда өлкөлөрдү колдоо эсептелинет.
12:40
Нет комментариев. Ваш будет первым!