2019-жылдын 16-мартында Кургак учук менен күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган кайрымдуулук чу

16 марта состоится благотворительный забег, посвященный Всемирному дню борьбы с туберкулезом

2019-жылдын 16-мартында Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия Институтунда, Ахунбаева көч. 97/1, Кургак учук менен күрөшүүнүн Бүткөл дүйнөлүк күнүнө арналган кайрымдуулук чуркоо өтөт. Катышуучуларды каттоо 9:00 дө башталат.

Бул иш чара Кургак учук менен күрөшүүнүн бүт дүйнөлүк күнүнө арналган бир айлыктын чегинде өткөрүлүп жатат.

Чуркоонун максаты –кургак учук менен күрөшүү көйгөйүнө, өзгөчө кургак учукка чалдыккандарга тиешелүү стигма жана басмырлоого коомдун көңүлүн буруу.


Чуркоого КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, айыгып кеткен бейтаптардын дарыгерлерининкатышуусу, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана көп башка каалоочуларлынкатышуусукүтүлөт.

Иш чара Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) жана КР Саламаттык сактоо министрлигине караштууРеспубликалык ден соолукту чыңдоо борбору эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр (Challenge TB (Кургак учуука чакырык» USAIDдин долбоору), КЖАУК, TB Rep/ Anti-Спид Ассоциациясы, AFEW, КАДК,I love running, Ololo art studio, Cheery Lady и Мин Кыял радиостанциясы) менен бирдикте уюштурулган.

Иш чара учурунда каалоочуларга кургак учукка акысыз текшерүүдөн өтүүгө, концертукканга, ошондой эле оору жөнүндө пайдалуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле муктаж болгон бейтаптар үчүн каражат чогултуу өтөт. Иш чара саат 10:00дө башталат.

11:35
Нет комментариев. Ваш будет первым!