Катышуу жана өнүгүү борбору (CPD) Тбилиси Шелтер Сити программасына катышуу үчүн укук коргоочуларды

Центр участия и развития (СPD) объявляет набор правозащитников для участия в программе Тбилиси Шелте

Катышуу жана өнүгүү борбору (CPD) жана Truth Hounds Грузия Грузиядагы Голландиянын өкүлчүлүгү, Демократияны Колдоо Улуттук Фонду жана Ачык Коом Фонду Евразиялык программасы Тбилиси Шелтер Сити программасына катышуу үчүн укук коргоочуларды кабыл алууну жарыялайт.


Билдирмелер 2019-жылдын 25-февралына чейин кабыл алынат.

Тбилиси Шелтер Сити Программасы коопсуз жерлерге көчүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө (Тбилиси, Грузия), профессионалдык өсүүгө жана укук коргоочулардын психологиялык калыбына келишине, ошондой эле тобокелди төмөндөтүп, укук коргоочуларды убактылуу кооптуу чөйрөнү калтырууга багытталган.

Программа 3 айлык курска келүүгө эсептелинген, анын ичинде укук коргоочу коопсуз жерден турак жай менен камсызданат, билим алуу жана тажрыйбасын өнүктүрүүгө, жаңы профессионалдык байланыштарды табууга мүмкүнчүлүк алат, зарыл учурларда ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлөт.

Жекече, программа төмөнкү компоненттерди камтыйт:

  • Тренингдер: коопсуздук, адвокация, коммуникация, долбоорлорду жазуу (темалар катышуучулардын каалоосу боюнча алмашса болот)
  • Эл алдына чыгып сүйлөө, интервью, региондук башка өлкөлөрүнөн жана ЕСтен келген кесиптештер менен маектешүү
  • Үйрөтүүчү программалар: эл аралык гуманитардык укук, эл аралык адам укугун коргоо инструменттер
  • Грузин ӨЭУга тажрыйба алмашуу үчүн визиттер
  • Тажрыйбаны өнүктүрүү: айдоо сабактары, англис тил курстары


Программанын аягында катышуучулар өзүнүн өлкөсүнө кайтышы мүмкүн.
Программага кимдер катыша алат:

  • Билдирмелер терминдин кенен маанисиндеги укук коргоочулардан алынат (ошолордун ичинде адвокаттар, коомдук уюмдардын кызматкерлери, кеспитик иш аракети адамдын укуктары менен байланыштуу болгон журналисттер).
  • Укук коргоочу үч айлык программага өз алдынча катышууга даяр болуш керек. Айрыкча гана учурларда программада укук коргоочу эң жакын үй бүлөнүн мүчөлөрү менен бирге болушу мүмкүн.
  • Укук коргоочулардын Шелтерде жүрүшү укук коргоочунун коопсуздук менен байланышкан тобокелди жеңүүгө жардам берип жана/же кесиптик күйүп кетүүдөн, травматизациядан алдын ала сактоо керек.
  • Укук коргоочу аталган өлкөнүн биринде иштеш керек: Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Беларусия, Туркменстан, Тажикистан, Турция, Өзбекстан, Украина.
  • Укук коргоочу программада көрсөтүлгөн билим берүү иш чараларга катышууга даяр болуш керек.

Кантип катышса болот:

2019-жылдын апрелинде баштала турган келүүгө катышуу үчүн, БУЛ ЖЕРДЕН АНКЕТАНЫ ЖҮКТӨП АЛЫҢЫЗ, аны толтуруңуз да электрондук почтага tbs.shelter@gmail.com 2019-жылдын 25-февралына чейин салып жибериңиз. Толук эмес билдирмелер каралбайт. Толук маалымат алыш үчүн, кайрылыңыз: http://truth-hounds.org/ru/tbi-she-ci/?fbclid=IwAR0seT8-aeEYVdM8vYnLoIbmka3C_zbzTcD3bR7tMISOiwCPDoect6zyRdc

tbs.shelter@gmail.com
+99 555 543 0046
14:55
Нет комментариев. Ваш будет первым!